Азербайжандагы курал-жарак заводундагы жарылуудан эки адам каза болду

Жазылуу
Окуядан 20 киши жаракат алып, алардын абалына өлкөнүн саламаттык сактоо министри өзү көз салып жатат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Азербайжандын Ширван шаарындагы "Араз" курал-жарак заводундагы жарылуудан эки адам каза болгондугун Sputnik Азербайджан агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 26-июль күнү саат 17:30дар чамасында болгон

"Окуядан эки адам каза болуп, 20 киши жабыркады. Жаракат алгандар шаардагы ооруканаларга жаткырылды", — деп айтылат маалыматта. 

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри ооруканага түшкөндөрдүн абалын өзү көзөмөлдөп жатат. 

Учурда кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери улантылып жатканы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0