Окумуштуулар эң узун адамдар кайсы өлкөлөрдө жашай турганын аныкташты

© AFP / ANDREW COWIE Самый низкий человек в мире Чандра Бахадур Данги и самый высокий человек Султан Косен в Лондоне. Архивное фото
Самый низкий человек в мире Чандра Бахадур Данги и самый высокий человек Султан Косен в Лондоне. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң узун адамдар Африкада жашайт деген ишеним бар. Бирок Африка менен жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жарандары 30-40 жыл ичинде кыскарып кетишкен.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча эң узун эркектер Нидерландда, ал эми аялдар Латвияда экендиги тууралуу eLife журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Нидерланддык эркектердин боюнун орточо узундугу 182,5 сантиметрге жетсе, латвиялык аялдардын бою 168 сантиметрди түзөт. 

Изилдөөлөр көрсөткөн маалыматка караганда 1914-жылдан бери 187 өлкөнүн жарандарынын бою кыйла өскөндүгү байкалган. Өзгөрүү ирандык эркектерден өзгөчө байкалган. Алардын бою 16 сантиметрге өссө, Түштүк Кореядагы аялдардын бою орточо эсеп менен 100 жыл аралыгында 20 сантиметрге өскөн. 

Гамбургер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: "батыш" диетасы ачкалыкты унуттурбайт
Эң узун эркектер Бельгия, Эстония, Латвия, Данияда, ал эми аялдар Нидерланд, Эстония жана Чехияда жашашат. 

Эң кыска эркектер Чыгыш Тимор аралын мекендейт. Алардын боюнун орточо узундугу 160 сантиметрден ашпайт. Ал эми эң кичинекей аялдардын бою 150 сантиметрди түзүп, алар Гватемалада жашашат. Бул айымдардын бою 100 жыл ичинде 10 сантиметрге гана өскөн. 

Дүйнө жүзү боюнча эркектердин бою аялдарга салыштырмалуу 12 сантиметрге узун келет. 

Эң узун адамдар Африкада жашайт деген ишеним бар. Бирок Африка менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жарандары 30-40 жыл ичинде кыскарып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0