Азербайжандагы курал-жарак заводунда жарылуу болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга ылайык окуядан алты адам оор жаракат алган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Азербайжандын Ширван шаарындагы "Араз" курал-жарак заводунда катуу жарылуу болгондугун Sputnik Азербайджан агенттиги билдирди. 

Жардыруу болгон жердеги сапер - Sputnik Кыргызстан
Германиядагы жардыруунун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" алды
Кырсык Бишкек убактысы боюнча 17:30дар чамасында болуп, андан алты адам жабыркады. 

Ушу тапта каза болгондор тууралуу маалыматтар такталып жатат. 

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги заводдун жанында жашагандарды аймактан чыгарууда. 

Кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери улантылып жатканы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0