Афганистанда демонстрация учурундагы жардыруудан 80 адам мерт кетти

© AFP / WAKIL KOHSAR Афганистандын борбору Кабул шаарында болгон жардыруудан кийин.
Афганистандын борбору Кабул шаарында болгон жардыруудан кийин. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтен демонстранттардын арасында үч жан кечти болгонун жана алардын бири жардыргычты иштетип жибергендигин билдиришкен.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул шаарында өтүп жаткан демонстрация учурунда каза болгондордун саны 60ка жетти. Бул туурасында РИА Новости Tolo телеканалына шилтеме берүү менен маалымдады.

Телеканал жаракат алгандар 207 кишиге чукулдап баргандыгын билдирди.

Ал эми Афганистандын Тышкы иштер министри өлгөндөрдүн саны 80ге, ал эми жаракат алгандар 230 адамга жеткендигин кабарлады. Кырсыкка кабылгандардын арасында коопсуздук жана коргоо кызматынын өкүлдөрү бар экендиги айтылууда.

Стрельба в торговом центре Olympia в Мюнхене - Sputnik Кыргызстан
Мюнхенде 9 кишини өлтүргөн жаран 18 жаштагы ирандык экени аныкталган
Министрликтен демонстранттардын арасында үч жан кечти болгонун жана алардын бири жардыргычты иштетип жибергендигин билдиришкен. Ал эми экинчи кишиники ошол мезгилде иштебей калгандыгы айтылууда. Үчүнчү жан кечтини аскерлер жок кылган.

Рейтер агенттиги терактынын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук уюму алгандыгы кабарлады.

Теракт Афганистандын борбору Кабул шаарында эл ЛЭПтин курулушуна байланыштуу долбоорлордун бирине каршы демонстрацияга чыккан учурда жасалган деп айтылууда. Иран басылмалары акциянын катышуучулары өкмөттүн Түркмөнстандын электр кубатын берүү линиясынын Саланг аркылуу өткөрүү чечимине каршылык көрсөтүүгө чыгышкандыгын жазды. Активисттер аны Бамиан провинциясы аркылуу алып өтүүнү талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0