2008чи жана 2012-жылкы Олимпидага катышкан 98 спортчудан допинг табылды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүОлимпиаданын желеги. Архив
Олимпиаданын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки текшерүүлөр Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндары учурунда жана андан кийин болот.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Эл аралык олимпиада комитети тарабынан 2008чи жана 2012-жылы өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды кайра текшерүү учурунда 98 спортчудан допинг табылды. Бул тууралуу РИА Новости Р-Спорт басылмасына таяну менен кабарлады.

Күрөштүн грек-рим түрү боюнча балбаны Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балбан Жанарбек Кенжеевге Рио оюндарына катыша турган лицензиясын кайтарып беришти
Биринчи ирет болгон текшерүүдө 2008-жылкы Пекин Олимпиадасына катышкандар арасында 30 спортчудан, ал эми Лондон олимпиадасына катышкандар арасынан 23 спортчудан допинг табылган.

Ал эми экинчи жолку текшерүүдө 2008-жылкы Олимпидага катышкандар арасында 30, 2012-жылкы Олимпиадага катышкандардын 15 спортчу допинг тесттен өтпөй калган.

Кийинки текшерүүлөр Рио-де-Жанейро өтө турган Олимпиада оюндары учурунда жана андан кийин болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0