Арак жандуулар менен акылы тайкылардын депутат болушуна Россияда тыюу салынышы мүмкүн

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын мамлекеттик думасынын имараты. Архив
Россиянын мамлекеттик думасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат болом деген талапкерлер эч кандай оорусу жок экенин тастыктай турган документти көргөзүшү керек.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Россиянын мамлекеттик думасына мыйзам долбоору сунушталды. Анда психикалык жактан ооруган, талмасы бар, акылы тайкы жана чылым менен аракка жакын кишилердин шайлоого катышуусуна тыюу салынат.

Шайлоо урнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда парламентке шайлоону облустар боюнча жүргүзүү сунушталууда
Мыйзам долборун Карелиянын депутаттары сунуштаган.

Россиянын учурдагы мыйзамына ылайык, чет элдик жарандыгы бар кишилер, мурда соттолгон жана административдик жоопко тартылгандар шайлоого катыша албайт. Андан сырткары мамлекеттик кызматка талма оорусу бар, психикалык жактан жабыркагандар, алкоголь, маңзат жана тамеки чегүүдөн маанайы кескин бузула тургандар иштей албайт деген чектөө бар.

Карелиянын депутаттары бул тыюу салууларды шайлана турган кызмат орундарына да киргизүүнү сунуштап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0