Эрдоган төңкөрүш аракеттеринен кийин 240 адам курман болгонун айтты

© AP Photo / Ismail CoskunСтамбул аскердик төңкөрүш аракети убагында. Архив
Стамбул аскердик төңкөрүш аракети убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган окуядан Түркиянын 190 жараны каза таап, 100гө чукул козголоңчулар жок кылынып, 1,5 миңге чукул киши жаракат алганы кабарланып келген.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аскердик төңкөрүш жасоо аракеттеринин кесепетинен 240 адам курман болуп, 2 миңге чукул киши жабырланганын айтты. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Президент Турции Тайип Эрдоган с телохранителями в Стамбуле, Турция. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган бийликти басып алууга аракет кылгандар өч алышы мүмкүн экенин айтты
Буга чейин төңкөрүш аракеттеринен Түркиянын 190 жараны каза таап, 100гө чукул козголоңчулар жок кылынып, 1,5 миңге чукул киши жаракат алганы айтылып келген.

16-июлга караган түнү Түркияда, негизинен Анкара жана Стамбул шаарларында аскердик төңкөрүш аракеттери болгон. Бир нече сааттан кийин өлкө бийлиги козголоң басылгандыгын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0