Эрдоган бийликти басып алууга аракет кылгандар өч алышы мүмкүн экенин айтты

© REUTERS / Murad SezerПрезидент Турции Тайип Эрдоган с телохранителями в Стамбуле, Турция. Архивное фото
Президент Турции Тайип Эрдоган с телохранителями в Стамбуле, Турция. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Фетхуллах Гүлендин тарапташтары жакынкы күндөрү кандайдыр бир аракеттерди көрүшү ыктымалдыгын билдирди.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Расмий Анкара бийликти басып алууга аракет кылып төңкөрүш уюштурган деп айыптап жаткан дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тарапташтары дагы башка аракеттерге барышы мүмкүндүгүн айтты.

"Гүлендин террордук тобу мамлекеттик ичинде параллель түзүмдү калыптандырган. Алардын мамлекеттик төңкөрүш кылабыз деген аракетинен майнап чыккан жок. Жакынкы күндөрү же жумада алар дагы башка аракеттерди көрүшү мүмкүн. Бирок, биздин эл мындай уюмдарга карата бир муштум болуп түйүлүп, каршы турарын көрсөттү. Биз биригип турганда ою жамандар өз максатына жетпейт", — деп Эрдоган Al-Jazeera телеканалына берген интервьюсунда белгилеген.

Түркиянын полиция кызматкерлери Стамбулда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда үч айга өзгөчө кырдаал абалы киргизилди
16-июлга караган түнү Түркияда козголоңчулар аскерий төңкөрүш кылууга аракет кылышкан. Негизинен окуялар Анкара жана Стамбул шаарында болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, бул каргашадан 290 киши каза болуп, 1,5 миңдей киши түрдүү жаракат алган.

Күч түзүмдөрү төңкөрүштү уюштурууга тиешеси бар деген шек менен 10 миңден ашык кишини кармаган. Алардын ичинде 118 генерал жана адмиралдар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0