Легендарлуу футболчу Марадона Аргентинанын футбол командасын бекер машыктырууга даяр

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүЛегендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив
Легендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал буга чейин 2008-2010-жылдары Аргентинанын курама командасын машыктырган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Легендарлуу футболчу Диего Марадона Аргентинанын футбол боюнча курама командасын бекер машыктырып жана жетектөөгө даяр экенин Fox Sports каналына айтканын мексикалык Informador жазып чыкты.

"Эгерде мени бул ишти алып бар десе, бекер иштеп берет элем",— дейт Марадона.

Ал ошондой эле, мадриддин "Атлетико" командасында иштеген Диего Симеон акча маселесинен улам Аргентинанын курама командасын машыктыруудан баш тартканын айтып, "менин акча боюнча эч кандай көйгөйүм жок" деген оюн билдирген.

Россиянын  футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын футбол боюнча курама командасын таратуу үчүн 900 миң добуш топтолду
Марадона 2008-2010-жылдары Аргентинанын курама командасын машыктырган. Түштүк Африка Республикасында болгон дүйнөлүк чемпионатта чейрек финалга чейин келип, немистерге 0:4 эсебинде утулуп калган. Марадона андан кийин 2011-2012-жылдары дубайдын "Аль Васл" командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.

Бир жума мурун анын Боливиянын курама командасын машыктырат деген маалыматтар тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0