Түркияда бийликти басып алууга болгон аракеттен соң 14 кеме жана 2 тик учак жоголду

© REUTERS / Osman Orsal Анкарадагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин. Архив
Анкарадагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча кеменин ичинде козголоңчулар болгон.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Түркияда бийликти басып алууга болгон аракеттен кийин базага 14 кеме кайтып келбегенин РИА Новости агенттиги Times басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган басылманын аскердик булактарынын билдиришинче Түркиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн жок дегенде эле төрт кемеси Кара деңизде жүрсө, экөө Румынияда. Ал эми Россиянын аймагында кемелер байкалган эмес.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган бийликти басып алууга көрүлгөн аракет учурунда өлүп калышы мүмкүн болгонун айтты
Маалыматка ылайык, жума күнү Кара деңизде жана Эгей деңизинде 14 кеме нөөмөткө чыккан. Алдын ала билдирүүлөр боюнча кемелердин ичинде козголоңчулар болушу мүмкүн жана алар кемелерди Грециянын портуна алып кетүүгө аракет кылышы ыктымал. Times басылмасынын ишенимдүү булагы деңизде Түркиянын аскер деңиз күчтөрүнүн суу алдында жүрүүчү кемелери да болушу мүмкүндүгүн четке каккан эмес.

Түркиянын Hürriyet гезити эки тик учак жана атайын даярдыктагы 25 аскер да жоголгонун маалымдаган. Ага ылайык өлкөдө баш аламандык болор күнү алар Мармариске Режеп Тайип Эрдоганды кармоо үчүн учуп кетишкен. Өз кезегинде түрк президенти аны кармоого аракеттер болушу ыктымалдыгын четке каккан жок.

Белгилей кетсек, Түркиянын аскерлери 16-июлдун түнүндө бийликти күч менен тартып алууга аракет кылган, бирок алардын аракети ишке ашпай калганын бийлик билдирген. Мындай аракеттин кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 265 киши каза болгон. Анын ичинен 104ү козголоңчулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0