10:54 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Кытайдагы суу каптоонун кесепети. Архив

Кытайда дамба жарылып, 8 миңден ашык адам коопсуз жайга чыгарылды

© REUTERS / Stringer
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
115 0 0

Кырсык болгон жерге 700гө жакын аскер кызматкерлери менен топтоштурулган 200 даана атайын жабдыктар жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кытайдагы Хубэй провинциясында жайгашкан дамба жарылып кетип, андагы аймактан 8,4 миңден ашык жарандар эвакуацияланды. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Жергиликтүү башкармалыктын берген маалыматына караганда, кырсык жекшемби күнү Хуанмэй уездинде болгон. Дамбанын жарылышынан улам анда диаметри 70 метрге жеткен тешик пайдо болгон.

Дамбага оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 700дөн ашык аскер кызматкерлери менен топтоштурулган 200 даана атайын жабдыктар жиберилген. Мындан тышкары 2,5 миңден ашык жергиликтүү жарандар менен аскер кызматкерлери аймактагы башка дамбанын жарылып кетишин алдын алуу үчүн жөнөтүлгөн.

Акыркы бир нече жуманын ичинде суу ташкындардын айынан 237 адам курман болгон.

Тема боюнча

Кочкордо Жоон-Арык суусу дамбанын үч метр жерин бузуп кетти
Белгилер:
куткаруу, Суу, дамба, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ