Ниццадагы терактыны жасаган киши көп жыл психологго барып жүргөн

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүНиццадагы терактыдан каза болгондордун урматына коюлган гүлдөр. Архив
Ниццадагы терактыдан каза болгондордун урматына коюлган гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франция бийлиги Ниццадагы террорчу тез арада эле радикалдашып кеткендигин, ал эми мындай терактын алдын алуу абдан кыйын экендигин айткан.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ниццадагы терактыны жасаган кишинин психологиялык жактан көйгөйү болгондуктан көп жыл психологго барып жүргөн деп айтты анын карындашы Рабеб Бухлель.

Тунисте туулуп, бирок Ницца шаарында жашаган Мохамед Лахуайеж Бухлель бейшемби күнү майрамга чыккан элди автоунаа менен тебелетип, 80ден ашуун адамдын канына забын болгон. Учурда дагы бир топ адам оор абалда ооруканда жатат. кечээ "Ислам мамлекети" террордук уюму терактын жоопкерчилигине өзүнө алды. 

"Менин агамдын психологиялык жактан көйгөйлөрү бар болучу. Полицияга ал бир топ жыл психологго барып жүргөнүн тастыктаган кагаздарды көрсөттүк",— деп айтып берди анын карындашы Рабеб Бухлель Рейтер агенттигине.

Буга чейин аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги Ниццадагы террорчу тез арада эле радикалдашып кеткендигин, ал эми мындай терактын алдын алуу абдан кыйын экендигин айткан.

Маалыматтарда, буга чейин ал полициянын көзүнө майда кылмыштар менен түшүп келгендиги, бирок, террорчулар менен байланышы байкалган эместиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0