Түркиянын өкмөт башчысы: өлкө тынч абалга келди

© AFP / ADEM ALTANТүркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутумчулук кылгандар, төңкөрүш жасагысы келгендер, анын ичинен Түркиянын Куралдуу күчтөрү соттун колунда турат жана алар өкмөттүн катуу жазасын алышат.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Түркиянын азыркы жашоосу мурдагы калбына келе баштагандыгын айтты деп билдирди РИА Новости.

"Азыр абал турукташып калды",— деп айтты ал.

Ал көптөгөн адамдар көчөгө төңкөрүшкө каршы "желектер менен чыккандыгын" айтып, бул "алдыңкы окуяларга эң сонун жооп болду" деген пикирин билдирди.

Өкмөт башчысы Кутумчулук кылгандар, төңкөрүш жасагысы келгендер, анын ичинен Түркиянын Куралдуу күчтөрү соттун колунда турат жана алар өкмөттүн катуу жазасын алышарын айтты.

Обстрел с вертолета улиц Анкары во время попытки военного переворота - Sputnik Кыргызстан
Козголоңчулар төңкөрүш аракети учурунда тик учактан элге карай ок атты
Жума күнү Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун жарыялады. Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөдү. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын билдирди.

Акыркы маалыматтарда кагылышуулардан курмандыктардын саны 100 чукулдап, жарадарлар 1 154кө жетти. 

Түркияда беш генерал менен 29 полковник кызматтан четтетилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0