Эрдогандын Анкарадагы резиденциясына бомба ташташты, жарадарлар бар

© AP Photo / Burhan OzbiliciАвтомобили скорой помощи рядом с президентским дворцом в районе Бештепе в Анкаре
Автомобили скорой помощи рядом с президентским дворцом в районе Бештепе в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир саатка чукул мурда Анкарада абал салыштырмалуу тынчыраак болуп, асманда аскер авиациясы учпай калган. Бирок, парламенттин жанында атышуу кайрадан көбөйдү.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Анкарадагы Бештепе районундагы президенттик сарай төңкөрүштүн катышуучулары тарабынан аскердик чабуулга кабылып, кишилер жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости NTV каналына шилтеме берүү менен кабарлады.

Рабочий визит В.Путина вТурцию - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: чыккынчылык кылгандарга катуу жаза колдонулат
Алыстан караганда ал жерден түтүн чыгып жатат.

Бир саатка чукул мурда Анкарада абал салыштырмалуу тынчыраак болуп, асманда аскер авиациясы учпай калган. Бирок, парламенттин жанында атышуу кайрадан көбөйдү.

Жума күнү кечинде Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым NTV каналына телефон аркылуу өлкөдө аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун билдирген. Анын айтымында, аскерий адамдардан турган топ "жоопкерчиликсиз жана мыйзамга каршы келген аракеттерди" жасоого аракет кылышкан. Башкы штаб бийлик мындан ары өзүнүн милдеттерин аткара албай калганын кабарлаган билдирүү тараткан. Түркиянын президенти Тайып Эрдоган козголоңчуларды жазалоого убада берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0