"Манас" аэропорту: Стамбулга болгон аба каттамдары токтотулган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Международного аэропорта "Манас" в Чуйской области. Архивное фото
Здание Международного аэропорта Манас в Чуйской области. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең менен Бишкектен Түркиянын ири шаарына үч аба каттамы пландалган. Ошол эле учурда бир катар мамлекеттер учууларды токтоткон.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкек — Стамбул багыты боюнча уча турчу үч рейс токтотулбаганын эл аралык "Манас" аэропортунун маалыматы кызматы билдирди.

Бишкек — Стамбул багыты боюнча үч аба каттамы пландалган. Алар саат 05:25, 06:15 жана 07:05. Биринчи каттам "Сабиха" аэропортуна учса, калган экөө "Ататүрк" аба майданына конот.

"Чечимди түрк тарап кабыл алат. Азырынча бир да рейс токтотула элек", — деп аэропорттон маалымдашты.

Белгилей кетсек, өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырым NTV телеканалы аркылуу аскерлердин өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылганын билдирген.

Өлкөнүн президенти Тайип Эрдоган төңкөрүш жасоого аракет кылгандар катуу жазалана турганын айтып, бул баш аламандыкты токтотуу үчүн элди көчөгө чыгууга чакырган.

Жергиликүү ЖМКлар президент Тайип Эрдоган коопсуз жайда экенин, ал эми Башкы штабдын жетекчиси Хулуси Акара туткунга алынганын маалымдашууда.

Түркиянын полициясы Стамбулдагы Босфор кысыгы аркылуу салынган көпүрөнүн Азияга жана Европага өткөн тарабын жапкан. Ошондой эле Анкарада аскер учактары менен тик учактар учуп жүргөнү айтылууда. DHA маалымат агенттиги Түркиянын башкы штабынын имаратына көп сандагы тез жардам машиналары келип жатканын билдирди. Ошондой эле Түркиянын чалгындоо уюмунун аймагында тик учактан ок чыгарылганы айтылууда. Коопсуздук кызматы менен Анкаранын полициясы шашылыш жумушка чыкканын айрым ЖМКлар жазышууда. Ал эми Стамбулдагы "Ататүрк" аба майданы тарапта танкалардын жүргөнүн телеканал NTV маалымдады.

Ал ортодо Анкара шаарында бир нече ири жардыруу болгону да кабарланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0