Окумуштуулар: "батыш" диетасы ачкалыкты унуттурбайт

© AFP / REMY GABALDAГамбургер. Архив
Гамбургер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез татым менен азыктангандар тойгонун билбей, ашыкча тамак жей турганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Нейрофизиологдор батыш диетасын кармагандар арыктабай тескерисинче семире тургандыгын белгилешет. Буга "батыш диетасы ачкалыкты унуттурбайт" деген таң калычтуу жүйөнү тамак-ашты изилдөөгө багытталган конференцияда окумуштуулар билдиришкен. 

"Биз көзөмөлгө алган жарандар тоюп турса дагы таттуу, майлуу азыктарды жегилери келип турду. Эң кызыктуусу тамакка болгон каалоо алардын эске тутуусуна байланыштуу экени аныкталды", — деп билдирди Сиднейдеги Маккуори университетинин окумуштусу Туки Аттуквайефио.

Аттуквайефио менен анын кесиптештери мындай чечимге бир катар жарандарга ар кандай тапшырмаларды аткартып көрүү менен байкоо жүргүзүшкөн. Жарандар компьютерден көрсөтүлгөн нерселерди жаттап калууга аракет жасоо менен катар алдына коюлган азыктарды жешкен.

Кашыктагы түз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: тузу кем тамак-аш жегендин пайдасы жок
Австралиялык нейрофизиологдор жарандардын эске тутуусуна эмес алардын тамакты канчалык даамдуу эсептээрине кызыгышкан.

Изилдөөлөрдүн авторлорунун айтымында, нормалдуу учурда адам тойгондон кийин тамак жегиси келбей калат. Бирок "батыш" азыктары менен азыктанган жарандар (гамбургер сыяктуу тез татымдар) тойсо деле ашыгы менен тамак жеп, маалыматтарды начар эске тутушкан. Алар жаңы эле түштөнүшкөнүн унутуп, кайрадан азыктана беришкен.

Мындан улам Аттуквайефио менен анын кесиптештери батыш диетасы эске тутууну начарлатат деген бүтүмгө келишти. Тагыраагы жарандар жаңы эле тамактанып тоюп алганын унутуп, кайрадан азыктана беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0