Букингем сарайына идиш жуугуч изделет. Маянасы жылына 1,5 миллион сомду чапчыйт

© AP Photo / Kirsty WigglesworthБукингемский дворец — официальная лондонская резиденция британских монархов. Архивное фото
Букингемский дворец — официальная лондонская резиденция британских монархов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумуш издегендер өз арыздарын 20-июлга чейин жиберсе болот.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Британ монархтарынын (азыркы королева Елизавета экинчинин резиденциясы) Лондондогу расмий резиденциясы Букингем сарайына жылына 16,755 фунт стерлинг (болжол менен 1 миллион 457 миң 685 сом. Улуттук банктын курсу боюнча 1 стерлингдин баасы 87 сом) төлөнө турчу идиш-аяк жууган кызматкер изделүүдө. Мындай билдирүү theroyalhousehold сайтында жарыяланды.

Улуттук банктын (УБ) төрагасы Толкун Абдыгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын төрагасы: мурунку айлыгым 5 миң доллар эле, азыр 120 миң сом алам
Жарыяга ылайык, тандала турчу талапкерге айлыгынан тышкары бекер жашай турган жай да берилет.

Талапкерлер идиш-аяк жуугандан сырткары тамак-аш бышырганга да жардамдашып, кол кабыш кыла калышы керек экен.Эгер тамак-ашты туура берип жана тейлөө боюнча тажрыйбасы жок болсо, атайын окуулар уюштурула турганы жарыяда жазылат.

Жумуш издегендер өз арыздарын 20-июлга чейин жиберсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0