Индия Россияда Болливуддун атактуулугун арттырууну көздөп жатат

© flickr.com / Jon HurdИндияда кино тартуу. Архив
Индияда кино тартуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиянын бир катар кинолорун Россияда сүйүп көрүшөрүн жана билишерин Махараштра штатынын башкы министри белгиледи.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Индия Болливуддин атактуулугун (Мумбай шаарынын киноиндустриясы) Россияда жайылтууну көздөп, өзгөчө индия кинолорунун орус тилине которулушун жолго коёт. Бул тууралуу Махараштра штатынын башкы министри Давендра Фаднавис РИА Новости агенттигине берген маегинде белгилеген.

Учурда Фаднавис Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда.

"Индиянын бир катар кинолорун Россияда сүйүп көрүшөт жана аларды билишет", — дейт башкы министр.

Белгилей кетсек, Болливудда жылына ондогон жаңы тасмалар тартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0