Абхазиядагы референдумга болгону 1628 жаран добуш берди

© Sputnik / Медиабанкка өтүүУрнадагы бюллетеньдер
Урнадагы бюллетеньдер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Добуш берүүгө укук алган шайлоочулардын жалпы саны 132 миң 877ни түзгөн.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Абхазиянын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо маселеси каралган референдум өз максатына жетпей калды. Себеби добуш берүүгө келген жарандардын саны 1,23 пайызды гана түзүп калган. Бул тууралуу РИА Новости Абхазиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Батала Табагуага шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Добуш берүүгө укуктуу жарандардын жалпы саны 132 миң 877 адамды түзгөн. Ал эми добуш берүүгө болгону 1628 жаран катышкан. Бул 1,23 пайызды түзөт. Добуш бергендердин 750сү "макул" калган 761и "каршы" экендиги белгилүү болду. Ал эми жараксыз бюллетендердин саны 117ни түздү", — деп билдирди Табагуа.

"Референдум боюнча мыйзамдын 28-беренесине ылайык, БШК референдум ишке ашпай калгандыгы тууралуу чечим чыгарды", — деп кошумчалады Табагуа.

Жекшемби күнү өткөн референдумда абхазиялык жарандарга "Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү каалайсыздарбы?" деген суроо узатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0