Сириядагы жымжырттык келишими бүгүн түнү аяктайт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСириянын Алеппо шаары. Архив
Сириянын Алеппо шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирияда ок атууну токтотуу режими 24-февралда күчүнө кирген. Бирок бул Бирикен улуттар уюму тарабынан террордук уюм катары таанылган "Ислам мамлекети" менен "Жебхат ан-Нусра" сыяктуу түзүлүштөргө тиешеси жок.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Сириянын аймагындагы жымжырттык режими 11-июлдун түн ортосунда аяктай тургандыгы тууралуу Сирияны ынтымакташтыруу боюнча Россия түзгөн борбордун маалыматтык бюллетенинде көрсөтүлгөн.

"Сириядагы жымжырттык режими 72 саатка узартылып, 11-июлда саат 23.59да аяктайт", — деп айтылат Россиянын Коргоо министрлигинин сайтына чыккан маалыматта.

Жымжырттык режимге "Ислам мамлекети" менен "Жебхат ан-Нусра" террордук уюмдары каршы чыгууну улантып жатышканын Россиянын аскер ведомствосунан белгилешти. 

Сауд аравия аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравиядагы АКШнын консулдугунда жан кечти жардыруу жасоого аракет кылды
"Ынтымакташуу" борборунун маалыматына караганда бир сутканын ичинде эле согушкерлер Эль-Хадер, Хандрат жана Ансар сыяктуу эл жыш жайгашкан аймактарды, Алеппо шаарындагы Шейх Максуд, Эль-Халидия, Аз-Загра, Хирбат Хирс кварталдарын жана Хомс провинциясын аткылашкан.

Сирияда ок чыгарууну токтотуу режими 27-февралда кабыл алынган. Бирок бул Бирикен улуттар уюму тарабынан террордук уюм катары таанылган "Ислам мамлекети" менен "Жебхат ан-Нусра" сыяктуу түзүлүштөргө тиешеси жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0