АКШ: Далластын полициясына коркутуу болду

© REUTERS / Shannon StapletonДаллас полиция кызматкерлери. Архив
Даллас полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын тартип сакчыларына каршы чабуул пландалып жаткандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келген. Анда кылмышкерлер Далласка Хьюстондон келиши ыктымалдыгы айтылган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Даллас  шаарынын полиция департаментинин тартип сакчыларына каршы катардагы чабуул боло тургандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөнүн, шаар полициясы ырастаганын РИА Новости жазып чыкты.

Двое полицейских застрелили темнокожего мужчину в Луизиане. Съемка очевидца - Sputnik Кыргызстан
АКШда эки полиция кара терилүү кишини атып салды
Маалыматка караганда билдирме анонимдүү түрдө таркап, чаабуулдар шаардын бардык аймактарында болоору айтылган. Полиция башкармалыгынын штабы учурда жабык. Анда атайын кызмат келип, мекеменин аймагын курчоого алышканын CBS телеканалы маалымдады.

Алардын маалыматына караганда кылмышкерлер Далласка Хьюстондон келиши ыктымал.

Белгилей кетсек, АКШнын бир катар шаарларындагы каршылык акциясы өткөн бейшемби күнү башталган. Буга Лузиана менен Миннесотада эки афроамерикалыктардын полиция кызматкерлеринин колунан каза болушу себеп болгон. Далластагы каршылык акциясы учурунда 25 жаштагы кара терилүү Мика Жонсон тартип сакчыларын көздөй ок чыгарып, беш полиция кызматкери каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0