ИМдин техникасы менен күрөшүүгө Пентагонго 20 миң доллар керек

© AFP / STAFFПентагон. Архив
Пентагон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террочулардын учкучсуз башкарылуучу бир катар техникалары абада жарылып кетүүчү заттарды ташып жүрөт деген маалыматтар айтылууда.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. АКШнын Коргоо министрлиги конгресстен "Ислам мамлекети" террордук тобунун учкучсуз башкарылган техникалары менен күрөшүүгө 20 миллион доллар бөлүүнү суранды. Бул туурасында РИА Новости Defense News порталына таянып кабарлады.

Варшавада өтүүчү НАТО самиттиндеги баннер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хакерлер Варшавада өтүүчү НАТО самиттинин катышуучуларын коркутууда
Кол менен жасалган жардыргыч техникаларга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен агенттиктин өкүлү Дэвид Смол террорчулардын бир катар учкучсуз башкарылуучу техникалары абада жарылып кетүүчү заттарды ташып жүрө тургандыгын айтты. Бул техникаларды башкалар негизинен чалгынчылык иштерге колдонушат. 

Анын айтымында, алар каражатты мындай техникаларды таап жана жок кылуу чечимдерин иштеп чыгуу үчүн сурап жатышат. Аталган акчаны буга чейин террордук уюмдарга каршы жасалуучу чет жактардагы коопсуздук операцияларына керек болуп калат деп бөлүнгөн 189 миллион долларга кошумча каражат катары сурап жатышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0