Окумуштуулар террорчу болууга зеригүү да таасир тийгизерин аныкташты

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүСогушкер. Архив
Согушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперимент башталганга чейин алынган жыйынтык менен ал аяктагандан кийинки жыйынтыктын бир топ айырмасы бар.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Эгер кишинин иши менен жашоосу жадатма болсо, ал чектен ашкан динчил жана саясый жактан активдүү болору социалдык экспериментте аныкталганын РИА Новости European Journal of Social Psychology басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

"Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй саясий көз караштын калыптанышына зериктирме жашоо дагы таасирин тийгизет экен. Кишилер тажатма турмуштан идеологиянын жардамы менен арылабыз, ал кандайдыр бир деңгээлде жардам берет деп ойлошот", — деген пикирин Лимерик (Ирландия) университетинин окумуштуусу Эрик Игу айтат.

Автомат кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биздикилерби? Дүйнө Кыргызстандан чыккан террористтерди кеп кылган беш учур
Окумуштуу өзүнүн кесиптештери менен эмне үчүн кедей мамлекеттин тургундары "Ислам мамлекетинин" идеологиясына азгырыларын аныктагандай болду.

Алар атайын эки топко бир эле нерсени кайталап жасоону сунуштаган. Эксперимент башталар алдында алардын саясий жана социалдык көз караштарын сурамжылаган. 

Биринчи топко бетондун аралашкан эрежесин он жолу кайталап жазып чыгууну тапшырса, экинчи топко аны эки жолу гана кайталап жазууну тапшырган. Эксперимент аяктагандан кийин катышуучулардын социалдык жана саясый көз караштары кайтадан сурамжыланган. Мурда бардык нерсеге жай мамиле кылган кишилер, экинчи сурамжылоонун жыйынтыгында болбогон нерсеге жини келип, көз караштары радикалдык мүнөзгө ыктаганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0