Түркиянын аба соккусунан 12 күрд козголоңчу каза тапты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТүркия желеги. Архив
Түркия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бомбалоого Хаккари провинциясындагы Шемдинли району жана Ирактын түндүгүндөгү Авашин жана Басьян райондору алынган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Түркиянын аскердик күчтөрү аталган өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясы турган жерлерге сокку уруп, 12 күрд козголоңчу каза тапты. Аймактар өлкөнүн түштүк-чыгышы менен Ирактын түндүк тарабы эле. Бул туурасында РИА Новости Anadolu агенттигине шилтеме кылып билдирди. 

Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган: 2015-жылдан тарта Күрд партиясынын 7600гө чукул мүчөсү жок кылынды
Маалыматтарда бомбалоого Хаккари провинциясындагы Шемдинли району жана Ирактын түндүгүндөгү Авашин жана Басьян райондору алынган. 

2015-жылы Күрд жумушчулар партиясы менен кагылышууда 600гө чукул полиция менен аскер кызматкерлеринин каза болгондугу айтылат. 

Түркиянын Башкы штабы бул мезгил аралыгында беш миң күрд козголоңчулары жан таслим болгондугун маалымдаган. Анткен менен күрд маанайлуу Элдик демократиялык партиясы террорчулукка каршы жасалган операцияда жүз миңдеген жай жарандар каза тапкандыгын айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0