04:38 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
АКШда афроамерикалыктардын өлтүрүлүшүнө каршы толкун кайрадан башталды. Бейшемби күнү америкалык телеканалдар ар кайсы митинг.

АКШда кара терилүүнүн өлтүрүлүшүнө каршы акция өтүп, Техаста атышуу болду

© REUTERS / Eduardo Munoz
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
12910

Полициянын эки кызматкери кара терилүү жаранды атып өлтүргөн видео интернетке чыгып кеткен. Каршылык акциясы бир нече шаарда өттү.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. АКШда афроамерикалыктардын өлтүрүлүшүнө каршы толкун кайрадан башталды. Бейшемби күнү америкалык телеканалдар ар кайсы шаарда болгон акцияларды чагылдырып, башламандык жаралып жатканын көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Вашингтондо каршылык акциясына миңге чукул адам чогулган. Айрым маалыматтарга караганда чогулган эл АКШ Конгрессинин имаратына жакын жердеги тосмолорду талкалашкан. 

Fox News телеканалы Даллас шаарындагы (Техас штаты) башаламандыкты көрсөткөн. Алардын берген маалыматына караганда ок атуулар болгон. Бир эле убакта Fox News Нью-Йорктогу абалды дагы чагылдырган. Анда нааразылык акциясы тынч өткөн. 

CNN телеканалы берген маалыматка караганда Далластагы каршылык акциясында 20дан ашык ок атуу болгон.

"Күбөлөр 20дан ашык ок чыгарылганын угушкан. Бул элдин качышына алып келди", — деп белгиледи алып баруучу. 

Анын айтымына караганда окуянын жагдайы азырынча белгисиз. 

Полициянын эки кызматкери кара терилүү жаранды атып өлтүргөн окуя шейшемби күнгө караган түнү Батон-Руж шаарында болгон. Видеого түшүп калган окуя интернет булагына жарыяланып кеткен. Анда эки полиция кызматкери жаранды жерге жаткырып, атып салган. 

Ал эми буга чейин Миннесотада да ушундай окуя болгон. Шаршемби күнү кечинде Фолкон-Хайтс шаарында полиция кызматкери жаш жигитке ок чыгарган. Ал алган оор жаракатынан улам ооруканада көз жумган. 

Тема боюнча

АКШда үч жашар бөбөк тапанча менен энесин башка атып алды
Крокодил тиштей качкан бөбөктүн сөөгү табылды
Белгилер:
полиция, эл, акция, ак, кара, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ