Бейтаптын бутун жаңылып кесип салган бакулук хирург иштен алынды

Жазылуу
Клиникалык жана патологиялык изилдөөлөр хирургдун жаңылыштык кетиргенин далилдеди. Анын айынан бейтап эки бутунан тең ажырап калды.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бейтаптын бутун туура эмес кесип салган азербайжандык хирург Валех Керимов менен борбордун директору Азер Акпер иштен алынды. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Дарыгерлер хирургиялык операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улукман. Кыргызстандын дартка даба атактуу 5 дарыгери
Белгилүү болгондой, ведомство 24-июнда 87 жаштагы Тарлан Гасан кызына байланыштуу окуяны талкууга алган.

Клиникалык жана патологиялык изилдөөлөр бейтаптын эки бутунда тең макроангиопатиялык диабет, артериалык стеноз жана окклюзия бар экенин көрсөткөн. Ал эми сол бутундагы дарт өчүшүп кетип гангрена башталгандыктан, медициналык борбордун адистери бейтаптын бутун кесүү боюнча бүтүм чыгарышкан. Бирок операция маалында хирург Керимов менен анын ассистенти Афсар Рзазаде жаңылыштык кетирип, Тарлан Гасан кызынын оң бутун кесип салышкан. 

Рзазаде акыркы эскертүү алды. Ал эми медициналык борбордун директорунун милдетин Юнис Шаиг оглу Эйубов аткарып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0