Испанияда атасы карачечекей уулун эки жыл барымтада кармаган

CC BY-SA 2.0 / Quinn Dombrowski / RingКолу байланган киши. Архив
Колу байланган киши.  Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициянын маалыматында бала алсырап, бөлмөдө өз алдынча басууга кудурети жетпей калган.

БИШКЕК, 7-июл. – Sputnik. Испания полициясы менен Жарандык гвардия биргелешип жүргүзгөн операциянын негизинде атасы эки жыл бою бөлмөгө камап отурган баланы азаттыкка чыгарды.

Ривас-Васьямадриддик (Мадрид провинциясы) 19 жаштагы улан полицияга электрондук кат жазып, байланышкан. Ал камакта жаткандыгын тастыктай турган эжесинин дарегин жазып жиберген.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда кыргызстандыкты уурдап 20 миң доллар акча талап кылышты
Атасы уулун эки жыл бою терезелери тордолгон бөлмөдө камап, тамак-аш менен сууну ченеп берип, ал тургай кол көтөрүп да турган. Бала алсырап, бөлмөдө өз алдынча басууга кудурети жетпей калгандыгын полиция маалыматында билдирген. 

Кармалган киши туурасында кошуналары психикалык жактан оорусу бар деген маалымат берген. Ал кошуналарды аны ууландырууга аракет кыла беришээрин жана "орустардын мафиясы дайым аңдып жүргөнүн" айткан. 

Баланы уруп-согуп жана эки жылга камап жатканы үчүн фемида өкүлдөрү анын беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0