Багдаддагы жарылуудан өлгөндөрдүн саны 250гө жетти

© REUTERS / Ahmed SaadИрактын борбору Багдадда жарылуунун кесепети.
Ирактын борбору Багдадда жарылуунун кесепети. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан эки күн мурда болгон терактыда каза болгондордун саны 165 адамга чамалап барганы маалымдалган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өткөн аптада Ирактын борбору Багдадда жарылуунун кесепетинен өлгөндөрдүн саны 250 адамга жетти. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

ТЕз жардам автоунаасы Кытайда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда автобустун дөңгөлөгү жарылып, 26 киши каза болду
Мындай маалыматты аталган агенттикке Ирактын саламаттык сактоо министри берген.

Ал эми жарылуу болгон 2-июль күнү 165  адам каза болгон. Өсүп отуруп алардын саны 250 адамга жетти. Теракт Багдад шаарынын Аль-Каррада аймагында  жасалган.

Ичине жарылуучу зат толтурулган машина шиит мусулмандар борборунун жанында жарылган. Бул иштин жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук тобу алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0