Пхеньянда санкцияларга карабай 70 кабаттуу үйлөр курула баштады

© Sputnik / Мария Сидибе / Медиабанкка өтүүПхеньян шаары. Архив
Пхеньян шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Түндүк Кореянын тарыхында 70 кабатка жеткен имараттар тургузулган эмес.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Түндүк Корея эл аралык коомчулукка чакырык таштап, санкцияга карабай Пхеньянда 35тен 70 кабатка чейинки асман тиреген үйлөрдү курууну баштады. Аталган өлкөгө санкция өзөктүк куралдарды колдонуп, ракеталарды иштеп чыккандыгы үчүн салынган. Бул тууралуу РИА Новости Рёнхап агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Түндүк Корея борбор калаасында Рёмён көчөсүнө курула турган 100 үйдүн планын сунуштап, анда 40кы турак-жай, ал эми калганы кеңселер үчүн болмокчу.

"Бийиктиги 70, 55, 50, 40 жана 35 кабат болгон үйлөр көп кабаттуу деп саналат. Булардын арасында 7-8 кабаттуулары да бар", — деп билдирген түндүк кореялык "Кымсу кансан" басылмасы.

Буга чейин Түндүк Кореянын тарыхында 70 кабатка жеткен имараттар тургузулган эмес. Анткен менен жергиликтүү куруучулар буга чейинки тажрыйбаларын колдонууга белсенип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0