Анкара Россия үчүн "Инжирлик" базасын ачуу тууралуу маалыматты четке какты

© flickr.com / Nico KaiserТүркия желеги. Архив
Түркия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча аталган базада АКШ, Германия, Улуу Британия, Катар жана Сауд Аравиянын аскер күчтөрү жайгашкан.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкара Россиянын пайдалануусу үчүн "Инжирлик" аскер базасын берүүгө даяр экендиги тууралуу маалымат туура эмес кабыл алынганын айтып чыкты. 

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Чавушоглу "Ислам мамлекети" террористтик тобуна каршы күрөшүү үчүн россиялык аскерлердин аталган базада жайгашуусуна уруксат бериши мүмкүн деп айтканын жазышкан.

"Мен уруксат берүү жөнүндө айткан эмесмин. Сөз Түркиянын "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшүү боюнча Россия менен кызматташуунун бардык түрүнө даяр экени жөнүндө болгон. Бирок "Инжирлик" берилбейт", — деди министр өкмөт жыйынынан кийин журналисттерге берген маегинде.

"Инжирлик" базасы өлкөнүн түштүгүндөгү Адана провинциясында жайгашып, анын ишмердиги АКШ менен Түркиянын ортосундагы аскердик жана экономикалык кызматташуу боюнча келишимдин негизинде жөнгө салынат. Базаны пайдаланууга уруксатты Анкара берет. Учурда ал жерде АКШ, Германия, Улуу Британия, Карат жана Сауд Аравиясынын учактары жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0