Окумуштуулар эстөөлөрдөн кантип арылуунун жолун табышты

Жазылуу
Эгер адамдагы бул ген кандайдыр бир жагдайдан улам жайлап кала турган болсо, киши акылынан айнып, унутчаак болуп калышы ыктымал дейт окумуштуулар.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бельгиянын Левенск католик университетинин жана Германиядагы Лейбниц институтунун изилдөөчүлөрү чычкандардын мээсиндеги бир генге таасир берүү менен эстөөлөрүн жокко чыгара алышканын РИА Новости агенттиги Biological Psychiatry журналына шилтеме берүү менен билдирди.

Нейробиологдор нейропластин генин маал-маалы менен "өчүрүп" тургудай кылып өзгөртүшкөн.

Мээнин нейрондук түзүлүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Альцгеймер илдетине каршы даба табышты
Изилдөөчүлөр эксперимент учурунда чычкандарды тордун ичинен жарык күйгөндө бир учунан экинчи учуна барууга үйрөтүшкөн. Чычкандар жарык күйөрү менен тордун тигил башында тамак бериле турганын билип алышкан. 

Чычкандар көндүм аракеттерди жакшы аткарып баштаганда алардын нейропластин генин "өчүрүп" коюшкан. Анда чычкандар берилген тестти унутуп, мурда жасап келген нерселерин унутуп калышкан.

Нейропластин мээнин иштөөсү үчүн абдан керектүү. Эгер адамдагы бул ген кандайдыр бир жагдайдан улам жайлап кала турган болсо, киши акылынан айнып, унутчаак болуп калышы ыктымал дейт окумуштуулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0