Эрдоган Москва менен болгон мамилени жакшыртууга кошкон салымы үчүн Назарбаевге ыраазы

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк президенти ошондой эле Назарбаевди Түркияга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Түрк президенти Тайип Эрдоган казак президенти Нурсултан Назарбаевге Москва менен болгон мамилени жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиргенин Казакстан президентинин маалымат кызматы билдирди.

Эрдоган өз ыраазычылыгын телефондук сүйлөшүү учурунда билдирген. Андан тышкары, түрк президенти Назарбаевди БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөлөрдү шайлоодогу жеткен жеңиши менен куттуктады. Ошондой эле казак президентин жакын арада Түркияга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0