Индиянын окумуштуулары уйдун заарасынан алтын табышты

© flickr.com / Sujal ShahИндия уйу. Архив
Индия уйу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимий изилдөө беш жылга созулган.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Индиянын Гужарат штатындагы Жунагад айыл чарба университетинин изилдөөчүлөрү гир тукумундагы уйдун заарасынан алтын табышкан. Бул туурасында РИА Новости Indian Express басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Гир тукумундагы уйлар Гужарат штатынын Гир аймагында көп байырлагандыктан ушинтип аталып калган.

Илимий топтун жетекчиси Балу Голакианын айтымында, уйдун бир литр заарасында 3 миллиграммдан 10 миллиграммга чейин химиялык түзүмдөгү алтын бар.

"Биз байыртадан бери эле уйдун заарасында алтын бар экенин, анын дарылык касиети тууралуу угуп жүрчүбүз. Бирок, ал боюнча атайын илимий изилдөө жүргүзүлбөгөндүктөн биз аны ишке ашырып көрүүнү чечтик. Гир тукумундагы уйлардын заарасын анализдеп, анын курамында алтын бар экенин таптык", — дейт Голакиа.

Окумуштуулар алынган жыйынтыктар абдан уникалдуу экенин айтышат. Себеби алар буйволдун, төөнүн, койдун, эчкинин да заарасын анализдеп, андан алтындын элементтерин тапкан эмес. Бул изилдөө беш жыл жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0