Түркиядагы жарым жыл ичиндеги терактылар. Бейажал кеткен өмүрлөр

© AFP / EROL UCEEMАнкаранын Гювен-парк аттуу аялдамада болгон жардыруу. Архив
Анкаранын Гювен-парк аттуу аялдамада болгон жардыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Түркия, анын ичинен Стамбул шаары кайрадан террор кооптуулугунда калды. Түндөн бери бардык кызматтар тынымсыз иштеп, трагедия кесепетин жоюу аракетинде жүрөт. Sputnik Кыргызстан алты ай ичинде канга чыланган жардырууларды тизмектеп чыкканга аракет кылды.

Жардырууларды негизинен "Ислам мамлекети" террордук уюму жана Күрдстан жумушчулар партиясы жасагандыгын мойнуна алып келет. Бул терактылар 180ге чукул жай жарандардын, аскер кызматкерлеринин өмүрүн алып, бир нече жүздөгөн адамдар жарадар болду.

Взрывы в аэропорту Стамбула. Съемка камер слежения - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдун аэропортундагы жарылуу. Көзөмөл камерасына тартылган видео
10 киши өлдү. Жылдын башында эле 12-январда Стамбулдун туристтер эң көп келген Султан Ахмед мечитинин жанында жарылуу болду. 10 киши каза болуп, 15 киши жаракат алган. Жардырууну 1988-жылы туулган сириялык жанкечти жасаганын Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш билдирген эле.

5 киши өлдү. 13-январда Түркиянын түштүк-чыгышында, Диярбакыр шаарындагы жардыруучу зат менен шыкала толтурулган унаа жарылган. 5 киши каза таап, 36 адам жарадар болгон.

3 киши өлдү. 18-январда Ширнак провинциясындагы Идиль шаарында Күрдстан жумушчулар партиясы жардыруу жасап, полициянын 3 кызматкери өлүп, төртөө жарадар болгон.

2 адам өлдү. 20-январда террорчулукка каршы операция учурунда Диярбакыр шаарынын Сур районунда жолго жакын токтотулган автонуаа жарылып, эки аскер кызматкери өлгөн.

28 киши өлдү. 17-февралда Түркиянын борбору Анкарадагы жарылууда каза болгондордун саны 28, жаракат алгандар 61 кишиге жетти.

Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы жардыруу жайы. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык журналист Стамбулдагы жарылуу кандай болгонун жеринен айтып берди
Кош жарылуу. 7 аскер курман болду. 18 — февралда Диярбакыр аймагында аскерлер жолдон өтүп бара жаткан учурда автоунаа жарылып, жети аскер курман болду. 

2 киши өлгөн. 4-мартта Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жол кайгуул кызматы жайгашкан жерде миналанган автоунаа жарылган. Күрдстан жумушчулар партиясынын мүчөлөрү ал жердеги полиция менен атышкан. Полициянын эки кызматкери каза болуп, 35 киши жаракат алган. 

© REUTERS / Stringer 13-мартта Анкара шаарында болгон терактыдан 34 киши өлүп, жаракат алгандар 125 адамга чукулдаган.
Теракт в центре Анкары - Sputnik Кыргызстан
13-мартта Анкара шаарында болгон терактыдан 34 киши өлүп, жаракат алгандар 125 адамга чукулдаган.

34 киши өлдү. 13-мартта Анкара шаарында болгон терактыдан 34 киши өлүп, жаракат алгандар 125 адамга чукулдаган.

5 киши өлдү. 19-мартта Стамбулдун Истиклал көчөсүндө жарылуу болуп, беш киши каза таап, жаракат алгандардын саны 20га жеткен. 

7 киши өлдү. 31-март Диярбакыр шаарынын түштүк-чыгышында кечээ кечинде болгон жарылуудан полициянын жети кызматкери курман болгон. 

Адам өмүрүн алган жок. 9-апрелде Стамбулдун борбордук бөлүгүндө Межидиекөй аймагындагы жер алдындагы өтмөктө жарылуу болуп, үч киши жеңил жаракат алган. 

1 киши өлдү. 12-апрелде Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында жайгашкан аскер базада миналанган автоунаа жарылып, бир киши өлүп, 25 киши жаракат алды.

3 киши өлдү. 1-майда Диярбакыр шаарында миналанган автоунаа жарылып, үч киши өлүп, 45и киши жаракат алды. 

16 адам өлдү. 12-майда Диярбакырдын Сарыкамыш районунда 15 тоннага чукул жардыруучу заттар жарылып, 16 адам өлүп, 23 киши жаракат алган. 

20 киши өлдү. 25-майда Мардин провинциясынын Даргечит шаарында күрд козголоңчулары койгон минадан автоунаа жарылган. Андан 20 аскер курман болуп, 15ке чукулу жарадар болгон. 

© REUTERS / OSMAN ORSAL7-июнда Стамбулда аялдамадагы жарылуудан беш киши жабыркады.
Взрыв неподалеку от автобусной остановки в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
7-июнда Стамбулда аялдамадагы жарылуудан беш киши жабыркады.

Адам өмүрүн алган жок. 7-июнда Стамбулда аялдамадагы жарылуудан беш киши жабыркады.

36 киши өлдү. 28-июнда "Ататүрк" аэропортундагы кол салуу жана үч ирет жаңырган жарылуудан 36 киши каза болуп, 150гө жакыны түрдүү жаракаттарды алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0