15:18 23 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Грециянын Лесбос аралындагы качкындар. Архив

Сурамжылоо: мигранттар европа коомчулугуна ажырым киргизүүдө

© Sputnik / Михаил Воскресенский
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
4010

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган.

БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Sputnik. Пикирлер сурамжылоосунун маалыматы боюнча Франция, Германия жана Улуу Британия элинин басымдуу бөлүгү европалык баалуулуктар менен жашоо образын өздөштүрүүгө умтулбаган мигранттар коомчулукка ажырым киргизип жатат деп эсептей турганы белгилүү болду.

Мындай жыйынтык Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен франциялык Ifop жана британиялык Populus компаниялары тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун соңу менен алынган.

Европалыктардын басымдуу бөлүгү иммиграция коомчулукка ажырым киргизип жатат дегнен пикирге макул
Европалыктардын басымдуу бөлүгү иммиграция коомчулукка ажырым киргизип жатат дегнен пикирге макул

"Европалык баалуулуктар менен жашоо образын өздөштүрүүгө умтулбаган мигранттар коомчулукка ажырым киргизип жатат дегенге макулсузбу же жокпу?" деген суроого Улуу Британия элинин 18 пайызы, франциялыктардын 28 жана германиялыктардын 35 пайызы буга макул эместигин билдиришти. Ал эми Германия менен Франция жашоочуларынын төрттөн пайызы жана британиялыктардын 22 пайызы аталган маселеге нейтралдуу көз карашта экенин айтышкан.

Сурамжылоо Улуу Британияда Populus компаниясы тарабынан 15-24-апрель күндөрү, ал эми Германия менен Францияда 14-18-апрель күндөрү IFop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Ага 3042 респондент — Германияда 989, Францияда 1008, Англияда 1045 киши катышкан. Алар жынысы, курагы жана жашаган жери боюнча тең салмакта каралды. 

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Тема боюнча

Француздар мигранттарды кылмыштуулуктун башкы себепчиси деп эсептейт
Америкалыктар Сауд Аравияны колдоого каршы
Белгилер:
Мигрант, сурамжылоо, Европа