БУУ: оору-сыркоодон 5 жашка чейинки 70 млн. бала көз жумушу мүмкүн

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүАфрикалык балдар, Зимбабве. Архив
Африкалык балдар, Зимбабве. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан тышкары, 15 жыл аралыгында 750 миллион өспүрүм кыз турмушка чыкса, 167 миллион бала жакырчылыкта жашайт.

БИШКЕК, 28-июн. – Sputnik. Жакынкы 15 жыл аралыгында 69 миллион бала дарылоого мүмкүн болгон илдеттен дээрлик беш жашка чыкпай көз жумат. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин акыркы докладында айтылды.

Авторлор эң көйгөйлүү аймак деп Сахарадан түштүккө карай жайгашкан Африка өлкөлөрүн белгилешкен. Бул районго аталган сандын жарымы туура келет.

Обед алдында колун жууп жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЮНИСЕФ: мектептеги гигиенаны сактоо үчүн ар бир окуучуга 7 сом бөлүнөт
БУУнун Балдар фондусунун маалыматы боюнча 2030-жылга чейин 750 миллион кыз турмушка чыкса, 167 миллион бала жакырчылыкта жашайт. 15 жылдык убакыт жөн жеринен тандалып алынган эмес, дал ушул мезгилге туруктуу өнүгүү боюнча жасала турган иштер белгиленген.

Бүгүнкү күндө аталган аймакта 247 миллион бала жакырчылыкта жашап, өнүгүү үчүн эч кандай шарты жок. Ал эми 20-24 жаштагылардын 60 пайызы төрт класска чейинки гана билимге ээ.

Докладда 1990-жылдардан тарта беш жашка чейин балдардын өлүмү жакырчылыкта жашагандардын өлүмү сыяктуу эле эки эсеге кыскарганы айтылат. 129 өлкөдө балдар менен кыздар бирдей шартта мектепте окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0