БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Нью-Йорктук модел Бенни Харлем жана анын кызы өзгөчө чач жасалгасы менен кыска убакыт ичинде интернетте аябай атактуулукка жетишти.
Алар коюу чачтары менен узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына белгилүү болду.
Huffington Post басылмасына берген маегинде күнүмдүк турмушунда чачын кароого көп убакыт кетерин айтышкан..
ЧЧачка өзгөчө көрк берип, аны кулпуртуп туруу үчүн кызы менен атасы ондогон шампунь менен маскаларды колдонот.
Алар өз сүрөттөрүн социалдык тармактарга бир жыл мурун жарыялап баштаган. Бул убакыт ичинде алардын Instagram баракчасына миңден ашык колдонуучу жазылышкан.