Британия Евробиримдиктин курамынан чыкмай болду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүУлуу Британиянын Евробиримдик курамынан чыгууну жактагандар
Улуу Британиянын Евробиримдик курамынан чыгууну жактагандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ВВС добуш берүүдө өлкөнүн аталган биримдиктен чыгууну жактагандар жеңишке жетишерин божомолдогон.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын Евробиримдик курамынан чыгууну жактагандар 16,7 миллион шайлоочунун добушуна ээ болуп, референдумда жеңишке жетишти. Буга чейин ВВС телерадиокорпорациясы биримдиктен чыгууну жактагандар 52 пайыз добуш менен жеңишке жетишерин божомолдогон.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рахмон эми президенттикке каалашынча шайлана алат
Карама-каршы пикирдин ортосундагы айырмачылык анча чоң болгон жок. Добуштар саналып жаткан бир нече саат ичинде улам бир тарап басымдуулук кылып, акырында биримдиктен чыгууну каалагандар көп экени белгилүү болду.

Референдум юридикалык мүнөзгө ээ болбойт, башкача айтканда, өкмөт менен премьер-министр анын жыйынтыгына көңүл бурбай кое алат. Бирок эксперттердин айтымында, референдумдун Дэвид Кэмерондун өзү тарабынан демилгелениши анын жыйынтыгы менен эсептешүүгө мажбур кылат. Ал арада премьер-министрдин отставкасын жоромолдогондор да четтен чыгууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0