Роналду журналисттин микрофонун жулуп алып, сууга ыргытып жиберди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол боюнча Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду
Футбол боюнча Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча Европа чемпионатынын регламентине ылайык футболчулар сейилдеп жатканда ЖМК өкүлдөрүнүн аларга жакын келишине тыюу салынган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Португалия курама командасынын капитаны Криштиану Роналду Португалиянын Correio da Manhã басылмасынын журналистинин колундагы микрофонун жулуп алганын The Guardian басылмасы билдирди.

Футболчу журналисттин суроолоруна жооп бергендин ордуна анын колундагы микрофонун жулуп алып, сууга ыргытып жиберген.

Маракана стадиону, Рио-де-Жанейро, Бразилия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Риого аттанар алдында. Кыргыз спортун өстүрүү үчүн ата-текке, канга көңүл бөлүш керек
Бул окуя Португалиянын футболчулары машыгуучу базанын айланасында сейилдеп жүргөн учурда болгон. Журналист футболчудан кийинки оюнга даярдыгын сурап, бирок анысы жоопсуз калган.

Евро-2016 чемпионатынын регламентине ылайык футболчулар сейилдеп жатканда ЖМК өкүлдөрүнүн аларга жакын келишине тыюу салынган.

Айрым басылмалар Роналдунун орой мамилесин анын Австрия менен болгон беттеште топту жөндөп тебе албай калганы менен байланыштырууда. Анда футболчу тепкен топ штангага тийип, оюн 0:0 эсебинде аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0