Кытайда активисттер иттерди эт фестивалында союлуп кетпесин деп сатып алышууда

© Sputnik / Екатерина МихайловаИттер. Архив
Иттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
South China Morning Post гезитинин маалыматы боюнча бул жылы фестивалда 10 миң итти союу пландалууда.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кытайдын Юйлинь аймагындагы (Гуанси-Чжуан автономдуу облусу) эт саткандар атайын фестивалда иттерди союлуп кетет деп корккондорго иттерди сатып жатканын Global Times басылмасы билдирди.

Американын Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы болгон ири теракттын кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда 11-сентябрдагы терактынын курмандыктарын издеген акыркы ит өлдү
Маалыматка ылайык, сатуучулар иттерди активисттерге 136 доллардан сатууда.

Ит этинин фестивалы Юйлинь шаарында 21-июнда белгиленет. Бул күнү жергиликтүү тургундар чогулуп, ит этин жешет. Активисттер буга чейин мындай кандуу фестивалды токтотуу керектиги боюнча жергиликтүү бийликке кайрылганы менен майнап чыккан эмес. South China Morning Post гезитинин маалыматы боюнча бул жылы фестивалда 10 миң итти союу пландалууда.

Аталган гезит билдиргендей, быйыл ресторандын ээлерине фестивалды көчөдө өткөрүүгө тыюу салынган. Буга чейин Синьхуа агенттиги 2 миңдей кишинин арасында сурамжылоо жүргүзүп элдин пикирин билген. Анын жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 64 пайызы бул фестивалга каршы экенин айтылкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0