Россиялык жеңил атлетчилер Риодо өтчү Олимпиададан четтетилди

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүОбъекты прибрежного кластера зимней Олимпиады 2014
Объекты прибрежного кластера зимней Олимпиады 2014 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык олимпиада комитети IAAF чечимин колдоп берди. Бүткүл россиялык жеңил атлетика федерациясы сотко кайрыла алат.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Лозаннада өткөн саммит учурунда Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясынын чечимин колдоп россиялык атлетчилерди эл аралык мелдештерден четтетти. 

Сочидеги кышкы олимиадалык оюндарынын ачылыш аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Олимпиадага катышчу спортчуларга бата бермей болушту
ЭОКтун чечими сунуш иретинде гана болот. Ал эми дисквалификацияланган Бүткүл россиялык жеңил атлетика федерациясы Лозаннадагы спорттук арбитраждык сотко кайрылууну карап жатат. Арыз жазууга ар бир спортчу укуктуу.

Допингге байланышы жок спортчуларды мелдештен четтетүүнү Мамлекеттик Дума "саясий курал" деп атап, ал олимпиадалык кыймылдын кадырына доо кетирип жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0