Кениялык беш полиция "Аш-Шабабдын" согушкерлеринин колунан каза тапты

© AFP / TONY KARUMBAКения полиция кызматкерлери. Архив
Кения полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылган автоунаа Сомали менен чектешкен аймакка жакын Элвак шаарында автобусту коштоп келе жаткан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кенияда полициянын беш кызматкери "Аш-Шабаб" тобунун согушкерлери кол салган учурда курман болду деп билдирди Мандера округунун губернатору Али Роба. 

Полициянын автоунаасы Сомали менен чектешкен аймакка жакын Элвак шаарында автобусту коштоп келе жаткан.

Франс Пресс агенттиги автоунаа ага реактивдүү граната тийгенден кийин жарылгандыгын жазды.

Агенттик Али Робанын "беш офицер курман болду, биз "Аш-Шабабдын" жасагандарын айыптайбыз",— деп айткандарын жазды.

Сомалиде "Аш-Шабаб" радикалдык тобу жайгашкан. Алар "Аль-Каида" террордук уюму менен тыгыз байланышта болуп келет. "Аш-Шабаб" өлкөнүн борбордук өкмөтүнө каршы туруп жана Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык ишмердүүлүгүнө бут тосуп келет. Бул топту АКШ 2008-жылы террордук уюмдардын катарына киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0