Балдардын өлүмүнө байланыштуу бүгүн Карелия жана Москвада аза күтүү күнү жарыяланды

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүКарелиянын "Парк-Отель Сямозеро" деп аталган ден соолукту чыңдоочу лагерде куткаруучулар. Архив
Карелиянын Парк-Отель Сямозеро деп аталган ден соолукту чыңдоочу лагерде куткаруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков балдар каза болгон Карелиядагы лагерди жабууну талап кылды.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Карелиянын башчысы Александр Худилайнен Сямозеро көлүндө өспүрүмдөрдүн каза болгондугуна байланыштуу дүйшөмбүнү аза күнү деп жарыялады. 

Ал эми Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Карелиядагы трагедияда Москвадан да барган балдар каза болгондуктан, Россиянын борборунда аза күтүү күнү жарыялангандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

19-июнда "Парк-Отель Сямозеро" деп аталган ден соолукту чыңдоочу лагерде кайык толкунга кабылган. Куткаруучулар 13 баланын сөөгүн тапкан

Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Крокодил тиштей качкан бөбөктүн сөөгү табылды
Худилайнен учурда бир баланын сөөгү изделип жатканын айтты. 

Ушу тапта республикалык инфекциялык ооруканага 10 бала жеткирилип, алар медиктердин кароосунда турушат. 

Ал эми РФтин өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков балдар каза болгон Карелиядагы лагерди жабууну талап кылды. 

Бул трагедия боюнча жекшемби күнү "Парк-отель "Сямозеро" ишканасынын директоруна, анын орун басарына жана эки инструкторго кылмыш иши козголгонун Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Жекшемби күнү кырсык болгон жерде 51 адамдан турган туристтик топ болгон. Маалыматтарда алардын ичинен төртөө гана чоң кишилер болгондугу айтылууда. Тергөө комитетинин билдиргенине караганда, лагердин каза болгон тарбиялануучулары 12-14 жаш курагындагы балдар-кыздар болгон. Каза болгондордун арасында бир чоң киши бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0