Коркунучтуу фильм көрүп жаткан индус кинотеатрда жан берди

© AFP / STRИндиядагы тез жардам автоунаасы. Архив
Индиядагы тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинонун кульминациялык жерине жеткенде 65 жаштагы көрүүчү жүрөгү кармап жаман болгонун жанында отурган досуна айтканга жетишип, андан кийин эсин жоготкон.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Индиянын Тируваннамалай шаарында "Заклятие-2" деп аталган коркунучтуу кино көрүп жаткан киши кинотеатрдын залында жүрөгү кармап жан берди. Бул туурасында РИА Новости The Times of India басылмасына шилтеме кылып жазды.

Аргентиналык футболчу оюн талаасында жан таслим болду
Үрөй учурган кинонун кульминациялык жерине жеткенде 65 жаштагы көрүүчү жүрөгү кармап жаман болгонун жанында отурган досуна айтканга жетишип, андан кийин эсин жоготкон. Жетип келген Тез жардам аны эсине келтире албай, бир аздан кийин каза болгондугун билдирген. 

Медициналык кызматкерлер өлүмдүн себебин аныктоо максатында маркумдун сөөгүн башка ооруканага алып барууну айтышкан, бирок досу сөөк менен кошо жок болуп кеткен. Учурда полиция эки эркектин ким экендигин тактоого аракет кылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0