Франциялык полиция президент жана премьердин сунган колун албай койду

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүФранциянын президенти Франсуа Олланд. Архив
Франциянын президенти Франсуа Олланд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал каза болгон кесиптештеринин тажыясында өлкө жетекчилерине нааразы болгондугун үчүн жогорудагыдай кадамга барган сындуу.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Франциянын полиция кызматкери каза болгон тартип коргоочулардын элесине арналган расмий иш-чарада өлкөнүн президенти Франсуа Олланд жана премьер-министр Мануэль Вальс менен кол алышуудан баш тартты. Бул туурасында РИА Новости RTL радиостанциясына таянып кабарлады.


Бул окуя эки тартип сактоочунун курман болгондугуна карата уюштурулган расмий иш-чарада президент Олланд тизилип турган полиция кызматкерлеринин колун катары менен кысып келе жатканда болгон. Аларды бири колун сунган президентке жооп катары кол алышпай, какайган тейде кыймылсыз тура берген.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Эмсбюрен шаарындагы бала бакчага болгон сапарында - Sputnik Кыргызстан
Өлкө лидерлери жаан алдында же атка минерлер үчүн кол чатыр
Радио полиция кызматкери премьер-министр менен кол алышпай койгондугун айтып чыкты. Мануэль Вальс ага келип, кыязы эскертүү берип, сүйлөгөн. Бирок өкмөт башчынын эмне дегени белгисиз бойдон калды. 

Шейшемби күнү Францияда полициянын үйүнө коңшусу кол салып, бычактап өлтүрүп, баласы менен аялын барымтага алган. Ал атайын даярдыктагы аскерлер катышкан операцияда жок кылынган. Кырсык болгон жерден тартип сакчылары каза тапкан полиция кызматкеринин барымтага алынган аялынын өлүгүн тапкан. Маалыматтарда аялдын да ички иштер министрлигинде иштегендиги айтылган. Ал эми бөбөк тирүү калып, балдар үйүнө өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0