АКШдагы терактыга байланыштуу абакка отурган казак студент үйүнө кайтып келди

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында Тажаяков ага берилген 3,5 жылдын 25 айын абакта жана сот процесси менен өткөргөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бостон шаарындагы теракт боюнча бир катар далилдерди жашырган деп АКШда түрмөгө кесилген казакстандык студент Азамат Тажаяков мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин кайтып келди. Бул туурасында РИА Новости КТК телеканалына таянып кабарлады. 

Казакстандык студент балдар Азамат Тажаяков менен Диас Кадырбаев 2015-жылдын июнь айында 3,5 жана алты жылга кесилишкен. Аларга жардырууну иликтөөгө тергөө иштерине тоскоолдук кылган деген да күнөө коюлган. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында Тажаяков ага берилген 3,5 жылдын 25 айын абакта жана сот процесси менен өткөргөн. 

"Мунун баары бүткөндүгүнө ишенбейм турам, бирок бүттү. 20 саат учакта келген үчүн бүгүн бир аз чарчадым. Түрмөдө отурганда билбейсиң деле, бирок казакстандыктар сени колдоп турушканын укканда абдан жагымдуу болот экен", — деп айткан ал.

Азамат Тажаяков абакта тартиптүү жүргөндүгү үчүн сот мөөнөтүн 15 пайызга кыскарткан. Соттолгон экинчи адам — Диас Кадырбаев эркиндикке эки жылдан кийин чыгышы керек.

Өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн болгон Царнаевге каршы сот процесси АКШда башталып жатат
2013-жылдын 15-апрелинде Бостондо эл аралык марафон учурунда эки жардыруу болуп, анын кесепетинен үч адам өлүп, 200дөн ашууну жаракат алган. Терактыны уюштурууда ага-ини Тамерлан жана Жохар Царнаевдер күнөөлөнгөн. Жохар 20-апрелде кармалган. Ал эми Тамерлан 19-апрелде полиция менен атышуудан каза болгон. Жохар Царнаев үстүбүздөгү жылдын май айында өлүм жазасына буйрулган.

Царнаевдин казакстандык эки жана америкалык бир досу соттун чечими менен үч жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратылган.

АКШ бийлигинин айтымында, Тажаяков менен Кадырбаев кырсык болгондон үч күндөн кийин Царнаевге тиешелүү болгон пиротехника жана ноутбукту жок кылышы тергөөнү кыйындаткан. Балдар муну телевизордон Царнаевдер боюнча жаңылыктарды көрсөткөндөн кийин коркуп кетип жасаган деп айтылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0