Мамдепартамент кызматкерлери Обамага "сириялык режимди" бомбалоону сунуштады

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүДамаск шаары. Архив
Дамаск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Меморандум негизинен ок атышууда тыным алуу режиминин бузулушун токтотуу үчүн "куралды натыйжа чыга тургандай колдонууга" чакырат.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаментинин 50дөн ашык кызматкерлери Барак Обаманын администрациясын Дамаскинин расмий күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерди баштоого чакырган ведомствонун ички документин кабыл алышты. Бул туурасында РИА Новости The New York Times басылмасына таянып кабарлады.

Мындай чараларды аткаминерлер "Ислам мамлекети" террордук уюму менен күрөшүүнүн жана Сирияда тынчтык орнотуунун бирден бир жолу деп эсептейт деп жазган The Wall Street Journal.

Меморандум негизинен ок атышууда тыным алуу режиминин бузулушун токтотуу үчүн "куралды натыйжа чыга тургандай колдонууга" чакырат.

АКШ Сирия боюнча сүйлөшүүдө Россия башкы ролду ээлегенин моюндады
Басылма мындай кадам Вашингтондун Сириядагы окуяларга жасаган радикалдуу кадамы болуп эсептелерин, бирок Обама мындай чечимге барышы күмөн экендигин белгилейт. Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин мамлекеттик катчы Жон Керри Россияга кайрылып, Башар Асадга карата АКШнын чыдамы түгөнүп бара жаткандыгын жар салган. Кийинчерээк ведомстводон бул Москвага болгон сөөмөй кезөө эместигин, дипломат түзүлгөн абалга "капа болгону" экендигин айтышкан.

Учурда АКШнын сириялык чыр-чатактарда согушкерлерге абадан сокуу уруу менен чектелип жатат. Буга кошумча атайын даярдыктагы америкалык аскерлердин бөлүгү күрддөргө Алеппонун Манбиж шаарын бошотууда жардам берүүдө. Бирок алар согуштук аракеттерге катышпай, кеңешчи болуу менен чектелишет.

Москва Асаддын тагдырын Сириянын эли чечиши керек деген пикирин бир нече ирет билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0