Жер ортолук деңизден чөгүп бара жаткан кемедеги 200 мигрантты сактап калышты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКемеге отуруп жаткан качкындар. Архив
Кемеге отуруп жаткан качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Моряктар сактап калган кеменин ичинде 16 бала жана кош бойлуу эки аял болгон.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Нидерланд моряктары европалык Frontex чек ара агенттигинин операциясына катышып, Жер ортолук деңизде чөгүп бара жаткан кемеден 200 мигрантты сактап калды. Бул туурасында РИА Новости Нидерланддардын Коргоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.

Кеменинин ичинде 16 бала жана кош бойлуу эки аял болгон деп айтышты министрликтен.

Европага келген мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миграция уюму: Европага быйыл 210 миңден ашуун мигрант келген
Рейтер агенттигинин маалыматында нидерланддык моряктар Египеттен Италияга сапар тартып баратып, чөгө баштаган кемеден кырсыкка кабылдык деген шашылыш билдирүү алган. Жабырлангандарга тамак-аш, суу берилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Миграция боюнча эл аралык уюм жыл башынан бери Европага Жер ортолук деңизи аркылуу 210 миңден ашуун мигрант келгендигин билдирген. Аталган уюм деңиз аркылуу келе жаткан мигранттардын 2859у өлүп жана белгисиз жоголгондугун да кабарлады. Европа Дүйнөлүк биринчи согуш учурунан бери эле миграциялык каатчылыктан улам жабыр тартып келүүдө. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын куралдуу чыр-чатактары жана экономикалык көйгөйлөрү аларды кыйнап турган чак.

Маалыматтарда өткөн жылдын он айынын ичинде Евробиримдикке 1,8 миллион мигрант келген. Германиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында 2015-жылы өлкө аймагына бир миллиондон ашуун качкын кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0