Индиялык аял жубайлык милдеттен баш тарткан күйөөсүн өлтүрүп койду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКеребет. Архив
Керебет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
54 жаштагы аял өмүр бою абакка кесилгенден тышкары 2 миң рупий (2 миң сом) айып төлөмөр болду.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Индиянын соту Ахмедабад шаарынын тургунун өмүр бою абакка кести. Ал күйөөсү жыныстык катнаштан баш тарткандыгы үчүн өлтүрүп салганын РИА Новости Times of India басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Столдогу бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда 74 жаштагы карыя айыл тургунун бычактап өлтүрүүгө шектелип жатат
54 жаштагы аял өмүр бою абакка кесилгенден тышкары 2 миң рупий (2 миң сом) айып төлөмөй болду. Эгер ал айып пулду төлөбөсө, мөөнөтүнө дагы алты ай кошулат.

Times of India басылмасынын маалыматына ылайык, каргашалуу окуя 2013-жылы ноябрь айында болгон. Күйөөсү менен кошулгусу келген аял жолдошунун баш тартуусун көзүнө чөп салуу катары кабыл алган. 

Жубайлар чырдашып, кожейке күйөөсүн союл менен башка чапкан. Эркек киши ошол жерден мерт кеткен.

Окуядан кийин аял полицияга барып күйөөсү каза болгонун билдирген, бирок аны өзү жасаганын моюнга алган эмес. Бирок полиция ишти иликтеп, 54 жаштагы аял күйөөсүн өзү өлтүргөнүн аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0