Эл аралык коалиция "Ислам мамлекетинин" лидеринин өлгөнүн тастыктаган жок

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ британиялык Mirror гезити Абу Бакр аль-Багдади орозонун бешинчи күнүндө Раккага жасалган аба соккусунан жан таслим болду деген маалыматты тараткан.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Эл аралык коалиция Ирактын коопсуздук күчтөрүнө "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадинин жок кылынгандыгы боюнча маалыматты тастыктай элек. Бул туурасында Sputnik Ирактын копсуздук күчтөрүнүн маалымат бюросунун өкүлүнүн айтканына таянып кабарлады. 

"Аль-Багдадинин жок кылынгандыгы боюнча маалыматтар так эмес, мен жеке өзүм эл аралык коалициянын маалымат кызматына кат жолдодум, алар азырынча тастыктаган жооп айтыша элек", — деген ал. 

Буга чейин британиялык Mirror гезити Абу Бакр аль-Багдади орозонун бешинчи күнүндө Раккага жасалган аба соккусунан жан таслим болду деген маалыматты тараткан.

Ирак мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ирактын аскерлери Анбарда согушкерлердин жети лидерин жок кылды
Өткөн аптада ирактык Al Sumaria каналы булактарга таянып аль-Багдади Мосул районундагы (Ирак) аба соккусунда жарадар болушу мүмкүн деген маалымат берген. Аль-Багдади (толук аты-жөнү Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри) "Ислам мамлекетин" 2014-жылдан бери жетектеп келет. Бул убакыт ичинде ар кыл маалыматтарга караганда мурда басып алган аймактарында ордун бекемдеп, террордук топтун мүчөлөрүн 50 миңден 200 миң согушкерге чейин жеткирген. 

Анын өлүмү туурасындагы кабар биринчи жолу айтылып жаткан жок. Былтыркы жазда басылмалар ал Ракка шаарында оор жарадар болуп, өлдү деп жазып чыгышкан. Кийинчерээк бул маалыматтар тастыкталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0